Кыргызча
Русский
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН АДВОКАТТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУ ӨТӨТ
Primary tabs

2026-жылдын 13-ноябрында саат 12:00дө Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын «Ысык-Көл облусунун Адвокатурасы» филиалынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өткөрүлөт.
Өткөрүлүүчү жери: «Альтамир» мейманканасы
Дареги: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 277
Жалпы чогулуштун күн тартибинде:
1. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын, төраганын орун басарын жана башкармалыктын мүчөлөрүн шайлоо;
2. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын төрагасын Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешине сунуштоо;
3. аймактык адвокатуранын башкармалыгынын отчетун угуу жана бекитүү;
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставында, Типтүү жободо жана аймактык адвокатура жөнүндө жободо белгиленген жалпы чогулуштун компетенциясына кирген маселелерди кароо;
5. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар Съездине делегаттарды шайлоо.
Телефондор: +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77
E-mail: info@advokatura.kg
Сайт: www.advokatura.kg
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
