Маалымат
Primary tabs
Submitted by Для доступа к ф... on 13.06.2025 - 19:19
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы кесиптешибиз, адвокат Исмаилов Аскат Тураровичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Аскат Турарович 1980-жылдын 13-июнунда туулган. Ал 2022-жылдын 14-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын мүчөсү болуп келген.
Биз Аскат Тураровичти Кыргыз Республикасында адилеттүүлүктү бекемдөөгө салым кошкон адвокаттык коомчулуктун татыктуу өкүлү катары эскеребиз.
Исмаилов Аскат Тураровичтин жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.