Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби жөнүндө маалымат

"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 10-пунктунун, 26-беренесинин, 3-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставынын 5.2.2 -пунктунун (g) негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттарынын    кезектеги IV Съездинин  чечимине ылайык (17-май 2025-жыл), төмөнкүлөрдү билдиребиз:

 

2025-жылдын 1-июнунан баштап мүчөлүк төлөмдүн суммасы 500 сом болуп белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын (КРА) бухгалтериясы тарабынан 2025-жылдын 1-июнунан баштап аванс катары төлөнгөн бардык суммалар, мүчөлүк төлөмдүн жаңы белгиленген өлчөмүнө ылайык кайра эсептелет.

Аймактык адвокатуралардын бардык мүчөлөрү ай сайын мүчөлүк акыларды "МБанк" ААКдагы Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын бирдиктүү банктык эсебине гана которууга милдеттүү.

 

Мүчөлүк акыларды төлөө үчүн банктык реквизиттер:

Кардардын аталышы: Кыргызской Республики Адвокатурасы

Эсептик счет: 1033020060108726

Банктын БИК коду: 103030

Кардардын ИНН: 02612201410098

Банктын ИНН: 43112200210083

Алуучу банктын аталышы: ФИЛИАЛ "МБАНК АЗИЯ МОЛЛ" ОАО

 

Адвокаттын Аты-жөнү жана мүчөлүк акыларды төлөө мөөнөтү "Төлөмдүн багыты" графасында көрсөтүлүшү керек.

 

Мындай чечим кабыл алынгандын максаты:

  • Кыргыз Республикасынын Адвокатурасында жана анын аймактык адвокатураларында бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун туура жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;
  • адвокаттардын күбөлүктөрүн колдонуу мөөнөтүн узартууда мүмкүн болгон так эместиктердин алдын алуу;
  • мүчөлүк акыларды төлөөгө байланыштуу уюштуруу жана административдик процесстерди жөнөкөйлөтүү.

Кайра эсептөө жана мүчөлүк төлөмдөрдү төлөө боюнча бардык суроолор боюнча КРАнын Башкы бухгалтерине кайрылсаңыздар болот.

Байланыш телефондор: 0502 243 577; 0552 243 577; 0312 35 29 97
 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын

адвокаттар кеңеши.