Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен «Эне үйү» борбору ортосунда Меморандумга кол коюлду
Primary tabs



Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен «Эне үйү» борбору ортосунда Меморандумга кол коюлду
2026-жылдын 16-февралында Бишкек шаарында экинчи «Эне үйү» Ресурс борборунун ачылышы өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна жана төраганын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна катышты.
Борбордун негизги максаты — социалдык жетимдиктин алдын алуу жана кыйынчылыкка кабылган, анын ичинде зомбулукка учураган энелерге комплекстүү жардам көрсөтүү болуп эсептелет.
Ачылыш аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен «Эне үйү» борбору ортосунда кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду. Документ энелерге мамлекеттик кепилдик менен акысыз юридикалык жардам көрсөтүү, алардын укуктарын коргоо, ошондой эле социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү камсыздайт.
Бул Кыргызстандагы экинчи «Эне үйү» борбору болуп эсептелет жана аялдар менен балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган маанилүү социалдык долбоор болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
