Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү менен куттуктоо

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү менен куттуктоо

Урматтуу адвокаттар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Адвокатура институту – мыйзамдуулукту чыңдоодо, адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин коргоодо, сот адилеттигин ишке ашырууга көмөктөшүүдө өзгөчө мааниге ээ. Коомдогу укуктук тартипти камсыз кылууга жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымыңыздар жогору бааланат.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, жогорку жоопкерчилигиңиздер жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган үзүрлүү эмгегиңиздер өлкөбүздүн укуктук мамлекет катары өнүгүшүнө кызмат кылып келет.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк ынтымак, ишиңиздерге ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм. Эли-журттун ишенимин актап, акыйкаттыкты жана мыйзамдуулукту чыңдоо жолундагы асыл кызматыңыздар ар дайым ийгиликтүү болсун!

Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү кут болсун!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.