КР Адвокатурасы менен КР Медиаторлор Палатасы ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту

Изображение: 

КР Адвокатурасы менен КР Медиаторлор Палатасы ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга КР Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова жана КР Медиаторлор Палатасынын төрайымы Гулсина Кожоярова кол коюшту.

* Бул документтин негизги максаты — медиацияны укуктук талаштарды чечүүнүн эффективдүү жана заманбап ыкмасы катары жайылтуу, ошондой эле адвокаттык ишмердүүлүктө медиация инструменттерин колдонуу аркылуу укуктук талаштарды ыкчам, натыйжалуу жана ишеним артуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.

* Кызматташуу төмөнкү багыттарды камтыйт:
• биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды уюштуруу
• семинарлар жана конференциялар өткөрүү
• тажрыйба жана маалымат алмашуу
• талаштарды жөнгө салуунун альтернативдүү ыкмалары (ADR) боюнча билимди кеңейтүү
• коомчулукка маалымат жеткирүүнү күчөтүү

* Бул кызматташтык — укуктук маданиятты жогорулатууга, талаштарды тынч жана натыйжалуу чечүүгө багытталган маанилүү кадам.

#АдвокатураКР #Медиация #Укук #Кызматташуу #ADR #Кыргызстан