Баткен облусунун Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушу өттү
Primary tabs

2026-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна жана төрайымдын орун басары Джаманкулова Асель Анаркановна Баткен облусунун Адвокатурасынын адвокаттарынын жалпы чогулушуна катышты.
Жалпы чогулушта Баткен облусунун Адвокатурасынын төрагасын, анын орун басарын жана башкармалыктын мүчөлөрүн шайлоо өткөрүлдү. Жалпы чогулуш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Адвокатуранын Уставдарына жана Аймактык Адвокатура жөнүндө Типтүү жобого ылайык уюштурулду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Адвокатурасынын башкармалыгынын курамына 5 адвокат шайланды:
1. Асылбек Бактыбаев;
2. Акылбек Осоров;
3. Алтынбек Сатаров;
4. Санабар Джураев;
5. Саида Жумабаева.
Баткен облусунун Адвокатурасынын төрагасы болуп Асылбек Бактыбаев, төраганын орун басары болуп Саида Жумабаева шайланды.
Чогулуштун жүрүшүндө Баткен облусунун Адвокатурасынын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
