Адвокаттарга маалымат
Primary tabs

2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Бишкек шаарында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын №21 тергөө абагынын (СИЗО №1) жетекчиси Кудайбергенов Азат Медетович менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө адвокаттардын убактылуу тергөө изоляторунда кармалган жарандар менен жолугушуусунда келип чыккан актуалдуу көйгөйлөр кеңири талкууланды. Айрыкча жолугушууга кирүү убактысынын чектелиши, адвокаттардын узак убакыт кезек күтүүсү жана иш процессине таасир тийгизген уюштуруучулук маселелер көтөрүлдү.
Талкуунун жыйынтыгында адвокаттар үчүн №1 тергөө изоляторуна кирүү убактысы жарым саатка узартылды. Мындан ары адвокаттар убактылуу кармалган жарандар менен төмөнкү убакыт аралыгында жолуга алышат:
• 09:00дөн 17:30га чейин.
Мындан тышкары, адвокаттардын кезек күтүүсү мындан ары мекеменин сыртында эмес, тергөө изоляторунун ичинде уюштурула тургандыгы белгиленди. Бул чара адвокаттар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана иш процессин тездетүүгө багытталган.
Ошондой эле жолугушууда №21 тергөө абагынын жаңы курулуп жаткан убактылуу кармоочу жайында адвокаттар менен кармалган жарандардын жолугушуулары үчүн кошумча жолугушуу бөлмөлөрүн көбөйтүү маселеси каралды. Бул сунуш Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна тарабынан киргизилип, тараптар тарабынан колдоого алынды.
Жогоруда кабыл алынган чечимдер адвокаттардын кесиптик ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүргүзүүсүнө шарт түзүп, кармалган жарандардын коргонууга болгон укугун камсыздоону күчөтүүгө багытталат.
Урматтуу кесиптештер,
Сиздерди ар дайым мыйзамдын алкагында, жарандардын жана кардардын укуктарын коргоо боюнча жогорку кесиптик стандарттарды сактоо менен иш жүргүзүүгө чакырабыз. Адвокатура сиздердин ишиңиздерди колдоп, ар бир даттанууну жана сунушту кылдат карап чыгат.
Биздин биргелешкен аракеттерибиз гана адилеттик жана мыйзамдуулукту чыңдоого өбөлгө болот.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.
