1-Май — Эл аралык Эмгек күнү менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар Кеңеши жалпыңыздарды 1-Май — Эл аралык Эмгек күнү менен чын дилден куттуктайт!

Эмгек күнү — жалпы адамзаттын талыкпаган эмгегине, кесиптик чеберчилигине жана жарандык жоопкерчилигине берилген баанын символу. Бул күндө биз, өз ишин ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткарган  ар бир адиске ыраазычылык билдиребиз. 

Юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү катары сиздер элдин укугун коргоодо, мыйзамдуулукту камсыздоодо, адилеттүүлүктүн орношуна салым кошууда өзгөчө маанилүү жана жоопкерчиликтүү ролду аркалап келесиздер. Сиздердин кесипкөйлүк, ишенимдүү позицияңыздар жана принципиалдуу мамилеңиздер коомдун укуктук маданиятын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө зор мааниге ээ.

Урматтуу кыргызстандыктар! Эмгек — адамды ардактуу кылган касиет. Ар кимдин өз ишине болгон таза мамилеси, аракетчилдиги жана тынымсыз эмгеги аркылуу гана мамлекетибиздин келечеги бекемделет. Биз сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайбыз!

Коомубузда ынтымак жана мыйзам үстөмдүгү орноп, тынчтык болсун!

Сиздерди Урматтоо менен,  
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын  Адвокаттар Кеңеши.