Урматтуу адвокаттар, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Урматтуу адвокаттар,

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Адвокатурасын адвокаттар Кеңешинин атынан Адвокаттар күнү менен куттуктайбыз!

 

Борбордук мамлекеттик архивде сакталган маалыматтардын негизинде Кыргыз Адвокатурасы Кара-Кыргыз автономиялуу областы РСФСР курамында түптөлгөн күндөн баштап түзүлгөн деп эсептелинет. Биринчи жактоочулар коллегиясы Кара-Кыргыз автономиялык Революциялык комитеттинин № 45 токтомунун негизинде 1-март 1925-жылы түзүлгөн, Президиумдун олтурумунун төрагасы Т.Айдаралиев кол койгон.

 

Министирлер Кабинетинин 28-февраль 2022-жылы чыгарган токтомунун негизинде 1-март - Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кунү деп белгиленген.

 

Бүгүнкү күндө, Адвокат - деген асыл кесипти аркалайбыз, биздин кесип ар тараптуу, жогорку кесипкөйлүктү талап кылган жана моралдык жактан өтө жоопкерчиликтүү. Адвокаттын ишмердүүлугүнүн аркасында адам баласынын тагдыры бар.

 

Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу жана жарандык коомчулуктун өкүлү.

 

Биздин кесиптин социалдык жактан дагы маанилүүлугун эске алып, сиздерге сабырдуулукту, акылдуулукту, чыгармачылык энергияны, акылга сыярлык оптимизмди, профессионалдык өсүүнү, бекем ден-соолукту, ишиңиздердеги ийгиликтерди каалайбыз.

 

Терең урматоо менен

Кыргыз Республикасынын Адвокатар Кеңеши