Маалымат

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңеши тарабынан, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борборуна кезектеги материалдык жардам көрсөтүлүп, жаңы жабдыктар анын балансына өткөрүлүп берилди.

2025-жылдын 18-июлундагы кабыл алуу-тапшыруу актысынын негизинде Адвокаттардын окуу борборуна төмөнкү жабдыктар өткөрүлүп берилди: 
– принтер,
– проектор,
– кондиционер.

Бул жардам Адвокаттар кеңешинин демилгеси менен Окуу борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуу процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана окутуу үчүн заманбап шарттарды түзүү максатында көрсөтүлдү.
Адвокаттар кеңеши мындан ары да адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттарды үзгүлтүксүз окутуунун сапатын жакшыртууга багытталган иштерди колдоону улантат.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.