14-июль – Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнүнө карата спорттук иш-чаралар Баткенде өттү

2025-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Адвокатура күнү белгиленип, ушул маанилүү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши тарабынан уюштурулган спорттук иш-чара Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлдү.

 

Иш-чаранын негизги максаты — адвокаттар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, кесиптештер ортосундагы ынтымакты жана достукту бекемдөө болду.

 

Ошондой эле, Аймактык адвокатураларды колдоо максатында, Баткен облусунда уюштурулган иш-чаралар аймактагы адвокаттардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана региондордогу укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган. 

 

Мелдештер төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлдү:

 

-Эркектер арасында мини-футбол;

 

-Кыз-келиндер арасында волейбол;

 

-Жалпы катышуучулар арасында шахмат мелдеши.

 

Бул иш-чарага  9 аймактык Адвокатурадан келген адвокаттар активдүү катышып, мелдештер жогорку деңгээлде, достук маанайда өттү. Командалардын духу, биримдиги жана спортко болгон кызыгуусу иш-чаранын маанисин дагы да арттырды.

 

Жыйынтыгында өз таймашында мыкты оюн көрсөткөн командалар сыйланышты. 

 

Эркектер арасында мини-футбол боюнча жеңишке жеткен командалар:

 

1-орун - Чүй аймактык Адвокатурасы;

2-орун  - Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын 1-командасы;

3-орун - Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын 2-командасы;

3-орун - Бишкек аймактык Адвокатурасы. 

 

Кыз-келиндер арасында волейбол боюнча жеңишке жеткен командалар: 

 

1-орун Бишкек аймактык Адвокатурасы;

2-орун Ош аймактык Адвокатурасы;

3-орун Жалал-Абад аймактык Адвокатурасы. 

 

Жалпы катышуучулар арасында шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

 

1-орунду Ысык-Көл аймактык Адвокатурсынын адвокаты Молдогазиев Асантур Мамбетович ээледи. 

 

2-орунду Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын  адвокаты Акбаров Шакирали Айтбаев ээледи. 

 

Бул иш-чара адвокаттык коомчулук ичиндеги биримдикти чыңдап, Адвокатура күнүнө карата маанилүү социалдык иш-чара болду.  

 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши спорттук иш-чараларды 2024-жылы уюштурган. 

 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.