Адвокаттын кесипкөйлүгү: мазмуну жана формасы

Изображение: 

Сот отурумдарын онлайн-трансляциялоону Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан демилгелөө — сот адилеттигинин ачыктыгын жогорулатуу жана ага болгон ишенимди бекемдөө багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Заманбап технологиялар сот процессин кыйла ачык кылуу менен бирге анын катышуучуларына болгон талаптарды да жогорулатат. Камералардын объективине процесстин бардык катышуучулары, анын ичинде адвокаттар да түшөт.

Ушуга байланыштуу кесиптик этиканын нормаларын жана ишкердик стилди сактоо өзгөчө мааниге ээ. Адвокаттын сырткы келбети — сотко, ишеним артуучуга жана өз кесибине болгон урматты чагылдырган кесиптик жүрүм-турумдун ажырагыс бөлүгү.

Урматтуу кесиптештер,
сот отурумдарына катышып жатканыңызда ишкердик кийим стилин сактоого чакырабыз.

Адвокат — бул жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк жана тийиштүү сырткы келбет.