Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Нарын облусуна иш сапары менен барды
Primary tabs

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды. Иш сапардын негизги максаты Адвокатуранын жалпы чогулушун өткөрүү жана аймактагы адвокаттык ишмердүүлүктүн абалы менен таанышуу болуп саналат.
Жумушчу сапардын алкагында төрайымды Нарын облусунун Адвокатурасынын төрагасы Коногалы Коңурбаев жана Нарын облусунун Адвокатура башкармалыгынын мүчөсү Канзад Сыдыкова коштоп жүрүштү.
Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү жолугушуулар өткөрүлдү. Тактап айтканда, Адвокатуранын жетекчилиги төмөнкү расмий өкүлдөр менен жолугушту:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева;
-Нарын шаарынын мэри Жаныбек Немат уулу;
-Нарын облустук сотунун
Төраганын
кылмыш-жаза
иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча орун басары, судьясы Жунусов
Шарипбек Топчубаевич,
Төраганын административдик иштер боюнча орун басары Кудабаева
Гульбара жана судья Эркин Дуйшеевдер менен жолукту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу маселелер талкууланды:
-Өз ара кызматташтык: Жергиликтүү бийлик органдары, сот системасы менен Адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
-Юридикалык жардам: Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүү боюнча адвокаттардын ишмердүүлүгүн натыйжалуу жүзөгө ашыруу тармагы талкууланды.
-Инфраструктураны жакшыртуу: Адвокаттардын иш алып баруусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү, анын ичинде зарыл болгон кызматтык имараттарды жана иш жайларын бөлүп берүү маселеси каралды.
Төрайым Бегилерова Мейил Адилбековна белгилегендей, адвокаттар үчүн заманбап шарттарды түзүү — калкка көрсөтүлүүчү юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар адвокатура институтун өнүктүрүү багытында биргелешип иштешүү тууралуу макулдашышты.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы
