Урматтуу адвокаттар!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин атынан сиздерди 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул күн — мекенге болгон сүйүүнүн, жоопкерчиликтин жана жарандык милдетти аркалоонун символу. Ата Мекенди коргоо — курал менен гана эмес, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү жана жарандардын укуктарын коргоо аркылуу да ишке ашат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, принципиалдуулугуңуздар жана адилеттикке болгон бекем позицияңыздар коомдогу мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга зор салым кошот.

Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерде ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай  каалайбыз. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү болсун!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши.