Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Кытай Эл Республикасы менен эл аралык кызматташуусун кеңейтүүдө

Изображение: 

2025-жылдын 4-ноябрында эки тараптуу кесиптик байланыштарды чыңдоо максатында Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Юстиция департаментинин директорунун орун басары Юань Чжунмин жетектеген делегациянын расмий иш сапары болуп өттү.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын имаратында өтүп, делегацияны Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Адилбековна Бегилерова жана төрайымдын орун басары Асель Анаркановна Джаманкулова тосуп алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен Шэньси провинциясынын Адвокаттар ассоциациясынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул меморандум эки өлкөнүн адвокаттык коомдорунун ортосунда кесиптик байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө, укуктук билим берүү жана адвокатура институттарын өркүндөтүү багытында өз ара колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Жолугушуунун соңунда тараптар юридикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын укуктук коомдорунун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого даяр экендигин тастыкташты.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы.