Урматтуу адвокаттар жана кадырлуу кесиптештер!

Изображение: 

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңеши  келе жаткан 2026- жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт жана сиздерди өзгөчө маанайдагы иш-чарага –  адвокаттардын жаңы жылдык балы -2026 маарекесине чакырат!

 

  • Өтүү күнү: 20-декабрь 2025-жыл
  • Жайы: “ROYAL RESTAURANT”
  • Дареги: Бишкек ш., Мадиев көч., 18/1
  • Конокторду кабыл алуу: саат 16:00дөн башталат

 

Билет баасы: 5 500 сом

 

Кеченин программасында:

• Салтанаттуу ачылыш жана майрамдык куттуктоо

• Жандуу музыка жана кызыктуу шоу-программа

• Интерактивдүү оюндар жана белектерди ойнотуу

• Адвокаттардын жамааттык жаңы жылдык куттуктоосу

 

Бул бал — адвокаттар коомчулугунун жакшы салты болуп, кесиптештерди бириктирип, профессионалдык жана достук байланыштарды чыңдап, жаңы жыл алдындагы шыктануу жана биримдик атмосферасын жаратат!

«МБанк» тиркемеси аркылуу билетке төлөм жүргүзүү тартиби:

1.  “МБанкты” ачыңыз.

2. "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз.

3. "Которуулар" бөлүмүнөн "MBusiness" пунктун тандаңыз.

4. "Алуучунун эсебинин номуру" тилкесинде 1033020060116608 көрсөтүңүз.

5. "Алуучунун аты" тилкесинде "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы"көрсөтүлсүн.

6. "Төлөмдүн багыты" тилкесинде сөзсүз түрдө аты-жөнүңүздү жана төлөмдүн багытын көрсөтүңүз (мисалы: адвокаттардын жаңы жылдык балына билеттер үчүн төлөм).

- Кошумча маалымат алуу үчүн байланыштар:

-Дареги: Бишкек ш., ж. Бөкөнбаев көч., 204, 6-кабат,

- +996 (312) 35-29-97, +996 (502) 24-35-77

- E-mail: info@advokatura.kg

- Сайттын дареги -: www.advokatura.kg