Урматтуу кесиптештер!

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы

Кубанычтуу кабар менен бөлүшөт:

2022-жылдын январында автокырсыктан улам 2 жаран каза болгон. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 312-б. 3-б. кылмыштын белгилери бар деп Ноокат райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш иш козгогон жана авто кырсыкта каза болгон маркум, А. А. Аттуу жарандын мыйзамдуу өкүлу деп Т. А. табылган.

Аталган иш боюнча 2022-жылдын 22-февралында Ноокат райондук соту, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталып жаткан М. И.ге карата тергөөчүнүн камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнмөсүн карап канааттандыруудан баш тарткан.

Бул, 2022-жылдын 22-февралындагы Ноокат райондук сотунун токтомуна жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү макул болбой, экинчи инстанцияга даттануу менен келгенде, Ноокат райондук соту жана Ош областтык соту Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 397-беренесинин 4-бөлүмүндө “жабырлануучу” даттанууга укугу жок деп айткан.

Андыктан, кылмыш иш боюнча каза болгон А. А.нын өкүлү Т. А.нын укугун жана кызыкчылыгын коргоп адвокат Жорокулов Максатбек Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 397-беренесинин 4-бөлүмүндөгү, “тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык” деген норма Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүмүнө, 61-беренесинин 1-бөлүмүнө жана Конституциясынын 100-беренесинин 3-бөлүмүнө деген нормаларга каршы келет деп Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотуна кайрылган.

Бүгүн, 2022-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту жабырлануучунун өкүлү Т. А.нын кызыкчылыгында катышып жаткан адвокат Жорокулов Максатбектин катышуусунда карап, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп табылды.